Эстрада ырчысы Сайкал Садыбакасованын иниси Эркин Садыбакасов жүрөк оорусунан улам каза болду. Маалыматты ырчы өзү тастыктаган.
Такталган маалыматтар боюнча, Эркин Садыбакасов ооруканада көз жумган.
Ал 2001-жылы 2-ноябрда туулган. Ош шаарындагы жеке мектептердин биринде билим алып, бүгүнкү күндө Эл аралык мамилелер академиясында билим алып жаткан.
Govori. TVнын жалпы жамааты терең кайгыруу менен ырчынын жакындарына, туугандарына көңүл айтат.