• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улан Саляновдун өлүмү боюнча иш сотко өттү

4 Аяк оона 2018 15:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.09.2018.Govori.TV.

Улан Саляновдун өлүмү боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө Улан Саляновдун өлүмү боюнча ишти Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берди.

Соттун биринчи отуруму 6-сентябрда өтөт.

Ал эми Аида Салянова милиция кылмыш иши боюнча дыкат иликтөө жүргүзгөн жок дейт, анын айтымында, бул саясий буйрук болгон.

Белгилей кетсек, ММурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен.Ошол учурда Аида Салянова оппозицияда болуп, куугунтукка кабылган.

Количество просмотров: 34