• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аскар Акаевдин иниси да каза болду

6 Бирдин айы 2020 11:13 Бишкек Govori.TV

5-февралда Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу, жүрөгү кармап каза болгон Кубан Акаев Кеминде жерге берилгени да маалым болду. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.  

Буга чейин маалым болгондой, Москва шаарында мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев каза болду. Бул тууралуу 24.kg сайты жазды.

Алдын ала айтылган маалыматка ылайык, 44 жаштагы Айдар Акаевдин жүрөгү токтоп калган. Доктурлар аны сактап калганга үлгүрбөй калышкан.

Белгилей кетсек, Айдар Акаев 2005-жылы Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин бизнес менен алектенип жүргөн.

Маалыматка ылайык, Айдар Акаевди Москва шаарында коюшат.

Количество просмотров: 3519