• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ырчы Самара Каримова 30 жылдыгын белгилеп, дүңгүрөтө той берди

5 Чын куран 2021 10:07 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 30 жашы менен сахнадагы 10 жылдыгын белгилеп, Ош шаарында дүңгүрөтө той берди. Мааракеге шоу-бизнестин, маданияттын, жеке ишкерлердин, айтор ар тармактын өкүлдөрү катышкан.

Салтанат 4-апрелде Ош шаарындагы тойканалардын биринде өткөн. Анда туулган күн ээсине батирден тартып экзотикалык өлкөлөргө жолдомолор, үй эмереги, артист көйнөктөр тартууланган.

Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ырчынын репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар.

Количество просмотров: 763