• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Самара Каримова директордун креслосуна отурду (видео)

19 Үчтүн айы 2021 10:36 Бишкек Govori.TV

Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына ырчы Самара Каримова жетекчи катары өз ишин баштады. Бул тууралуу ырчы өзү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Мен мыйзам чегинде өз ишимди баштадым. Баары жакшы болуп, окуу жайдагы ар бир мугалим, кызматкер менен тил табышып, иштеп кете алам деп кепилдик берем. Дагы бир айта кетүүчү жагдай айрым маалыматтар туура эмес тарап жатат. Мен мугалимдерге каршы арыз жазып, милиция чакырган жокмун. Арызды мен мурдагы жетекчи Каримовго каршы жаздым», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин шаардык милиция Каримова мугалимдер жамаатына каршы арыз жазганын билдирген. Арыз Жоруктар кодексинин 167-беренесинин («Сот чечимин аткарбоо») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганы маалым болгон.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бул музыкалык орто окуу жайынын директору болуп 2018-жылдын октябрында дайындалып, эки күндөн кийин ал буйрук кайра жокко чыгарылган.

Ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун айтып, Каримованы кызматтан алган.

Ырчы экс-министрдин чечимин сотко берип, утуп алганы 13-январда белгилүү болду. 14-январда Каримова окуу жайына келип, бирок жамаат аны кабыл албай койгон. 15-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Ошко келип, жамаатка жаңы жетекчини тааныштырганда да чыр-чатак менен коштолуп, ага милиция аралашкан.

Количество просмотров: 971