• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жол кырсыгына кабылган Самара Каримованын абалы айтылды

27 Теке 2021 15:13 Бишкек Govori.TV

Жол кырсыгына кабылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июлда Бишкек-Ош жолунда бир машинада баратып автокырсыкка кабылгандар арасында Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана ырчы Самара Каримова, жолдошу Асан Мансуров бар. Натыйжада Асан Мансуров менен Жамалбек Ырсалиевден тышкары эки адам Токтогул районунун ооруканасынын хирургия бөлүмүнө түшкөн. Самара Каримова ошол эле оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 27-июлдагы маалыматына караганда, вице-мэр Ырсалиев жана Элвира Токтосунова аттуу жүргүнчү канааттандырарлык абалда болгондуктан, үйүнө чыгарылды.

«Каримовага “мээси чайкалып, омурткасы сынган”, күйөөсүнө “мээси чайкалып, баш-сөөгү жабыркаган” деген диагноз коюлду»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 759