• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ырчы Самара Каримова «Биримдик» партиясы менен шайлоого барат

3 Жалган куран 2020 13:44 Бишкек Govori.TV

29-февраль күнү Ош шаарында «Биримдик» саясий партиясынын жергиликтүү уюмунун регионалдык биринчи конференциясы өттү. Бул тууралуу ырчы Самара Каримова өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Иш чарага «Биримдик» саясий партиясынын лидери Марат Аманкулов, Жогорку Кеңеш депутаттары, партиянын мүчөлөрү жана делегаттары, ошондой эле жергиликтүү кеңешке талапкерлер, Ош шаарынын активисттери катышышты.

Конференцияда 2020-жылдын 12-апрелинде боло турган Ош шаардык кенешинин шайлоосуна партиянын катышуусу бир добуштан колдоого алынып, талапкерлердин тизмеси бекитилди.

Количество просмотров: 1924