Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.
Тойлордун сезону башталгандан тартып, ырчылар элдин жакшылыгында кызмат кылуу менен каражат таап, капчыктарын кампайтышат. Ал эми той бизнесин мыкты өздөштүргөн ырчылар социалдык тармактагы өздүк баракчаларына кызматташуу үчүн байланыш номурларын калтырып, акция жарыялоо менен өздөрүнүн баасын арзандатып, алдын-ала брондоп койууну сунуштоодо. Алардын бири Сайкал Садыбакасова инстаграмдагы өздүк баракчасына:
“Салам, окурмандарым. Жайдын аптабы менен той-топур кызуу өткөрүлүп жалпы Кыргызстан боюнча көп жакшылыктар болууда. Бардык жакшылыктарда кызмат кылган мен жана «Кыз бурак» тобун тандаган ар бир той ээлерине ыраазычылык. Сиздер жана бардык той ээлери үчүн менде чоң жаңылык бар. Эгер сиздерде август-сентябрь айларында жакшылыктар болсо, анда сиздерди чоң арзандатуулар күтөт. Алдын ала брондоп, арзандатууларга ээ болуңуздар! Жакшылыктарыңыздар биз менен шаңдуу өтсүн”,-деген билдирүүсүн жазды.