• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ырыс Жекшеналиевди ооруканадагы текшерүүдө соң абакка алып кетишти

27 Аяк оона 2022 14:21 Бишкек Govori.TV

Камакта жаткан блогер Ырыс Жекшеналиевдин тешкертүү үчүн бүгүн 27-сентябрда Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып барышты. Бул тууралуу активист Эрлан Бекчоро уулу соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, Жекшеналиев текшерүүдөн өткөн соң кайра абакка алып кетти.

«Ырыс Жекшеналиевди бүгүн жүрөк оорусу, бөйрөк оорусу боюнча анализ тапшырды. Жыйынтыгы жума күнгө чейин билинет деп кайра СИЗО-1ге алып кетишти», — деп жазды ал.

Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш иши козголгон. Сот чечими менен ал 14-октябрга чейин камалган.

Количество просмотров: 92