• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүрдү деп шектелүүдө

2 Тогуздун айы 2020 14:27 Бишкек Govori.TV

Ысык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-октябрь күнү саат 00:55 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 102 линиясы аркылуу Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу жерине барганда, үйдүн ичиндеги ашкана бөлмөсүндө бир нече бычак жаракат менен 39 жаштагы И.Э. жансыз денеси табылгандыгы маалым болгон.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөө кызматы тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Ысык-Ата районунун ИИБнүн кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп 42 жаштагы И.Э. деген аттуу жаран кармашып, аталган жаран маркумдун бир тууган агасы болуп чыккан. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Количество просмотров: 85