• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Ысык-Атадагы эне-баланын өмүрүн алган өрт боюнча кылмыш иши козголду

14 Бештин айы 202016:45 Бишкек Govori.TV

Ысык-Атадагы 4 адамдын өмүрүн алган өрт боюнча кылмыш иши козголду. Аталган иш КЖБРге “Шалаакылыктан өлүмгө алып келүү” беренеси боюнча катталган.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 13-декабрда, саат 14:36лар чамасында Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналынын түштүк тарабында жайгашкан үй өрттөнүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Аталган дарекке ӨКМден 2 даана жана Аламүдүн базарынын ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуунунун 1 даана өрт өчүрүү техникасы тартылган. Өрт өчүрүү бөлүмү жерине барган учурда кашардын четиндеги турак жай катары колдонгон жагы жалындап, өрттөнүп жаткан.

Кырсыктан 1995-жылы туулган О.к.А., 2014-жылы туулган Т.А. (эркек), 2016-жылы туулган Т.А. (кыз) жана 2017-жылы туулган Ж.Б. (эркек бала — жээни) күйүп кеткен.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 13-декабрь күнү кашардын жумушчусу 1999-жылы туулган Т.А. (эркек киши) от жагуу максатында кашарга кирип, литрдик желим бөтөлкөсүндөгү күйүүчү майы менен (бензин) отту жандандыруу максатында меш орун алган бөлмөсүнө кирип, мештин ичине күйүүчү майын куйган кезде өрт желим бөтөлкөгө жабышып, андан соң А.Т. кийимине жабышкан, күйүп жаткан желим бөтөлкө бөлмөгө түшүп, бөлмөнү жалын каптаган. Т.А. өзү тирүү калган. Тилекке каршы, бир аял жана үч наристе каза болуп калды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 106