• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Ысык-Көл жана Нарында 21 соцмекеменин имаратынан жарака кеткен 

24 Үчтүн айы 2024 17:44 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөөдөн жабыркаган имараттарды тактоодо. 23-январда Кытайдагы жер титирөөнүн толкуну Кыргызстанга да жеткен. Алсак, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп райондорунда, Балыкчы шаарында жана Бишкек шаарында 4 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кубулуштун кесепетинен жабыркаган имараттар бар. Учурда облустардын Жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Ысык-Көл облусунун аймагында 18 социалдык мекеме жана 9 турак үй текшерилип, дубалдарынан майда жаракалар кеткени аныкталган. Ал эми эски 1 турак үй авариялык абалда.

Ошондой эле Нарын облусунун райондоруна Жарандык коргонуу комиссиялары тартылып, тактоо жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Облуста 3 социалдык мекеме, 6 үй жана 1 турак жайдын кире бериши текшерилди.

Жалпысынан эки облустан 21 социалдык мекеменин, 16 үйдүн дубалдарынан майда жаракалар кеткен жана 1 эски үй авариялык абалда жана бүгүн 11 үй Жарандык коргонуу комиссиясынын көзөмөлүнөн өтүүдө.

Мындан сырткары, Чүй облусунун Чүй жана Москва райондорунун 2 мектеби текшерилип, мектептин жаракалары жер титирөөгө тиешелүү эместиги аныкталды.

Количество просмотров: 166