Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айылында 25 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды. Маалыматты Тоң райондук ички иштер башкармалыгы дагы тастыктаган.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 12-майда Көл-Төр айылынын түндүк тарабындагы 2 чакырым алыста жайгашкан Саз участкасында болгон.
«Маркум эки айылдашы менен бирге мал кайтарып жүргөн. Саат 16:00 чамасында жаан жаап баштап, маркум А. уулу Э.ге жана ал минип жүргөн эшекке чагылган тийген. Маркум окуя болгон жерден каза болгон. Ошондой эле минип жүргөн эшеги да өлгөн»,-деп айтылат маалыматта.
Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум төш чөнтөгүнө уюлдук телефонун салып жүргөн.