Ысык-Көлдө 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Алдын ала маалыматка ылайык, Балыкчы — Ананьево — Каракол жолунда Volkswagen Vento унаасы жогорку ылдамдыкта бара жатып, каршы тилкеге чыккан. Натыйжада Chevrolet менен сүзүшүп, андан ары Lexus LX470 унаасы менен кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен Volkswagen Vento унаасынын айлоочусу каза болуп, башка унаалардагы 6 адам жаракат алышты.