• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө 3 унааны айдап качкандар кырсыкка кабылды

2 Аяк оона 2022 14:54 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө унааларды айдап качкан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү саат 02:20 чамасында Каракол ШИИБинин 102 кызматына жергиликтүү тургундан шаардагы дүкөндөрдүн биринин жанында токтоп турган «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Кийин саат 7:20 чамасында Каракол шаарынын дагы бир тургунунан билдирүү түшкөн. Ал өз кайрылуусунда 1-сентябрга караган түнү Каракол шаарынын Жамансариев жана Гречко көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулган КамАЗ үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкенин билдирген.

Аталган фактылар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө маалыматтардын электрондук журналына катталган.

«Кылмышка шектелип Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургундары 34 жаштагы М.М. жана 35 жаштагы А.С. кармалган. Сурак учурунда шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышты. Шектүүлөр мас абалында шаарга барууну чечишкен. Унаа жоктугунан алар дүкөндүн жанында токтоп турган «Ауди-100″ унаасын айдап кетишкен. Бир нече аралыктан кийин унааны башкара албай жолдун четине чыгып токтошкон. Андан соң Ак-Суу районунун Челпек айылынын тургунуна тиешелүү ВАЗ-2121 үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен. Бирок аны менен да жол кырсыгына учурашкан. Үчүнчү жолкусунда КамАЗ үлгүсүндөгү унааны айдай качышкан. Бир нече метрден кийин унаа өчүп калгандыктан, алар унаанын эки аккумуляторун чыгарып алышып, көңүл ачууну улантыш үчүн уурдалган буюмду сатууну чечишет. Бирок көп узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалган», — деп жазылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча Каракол ШИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 211 (автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) жана 205 (уурдоо) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган эки жаран соттун баш коргоо чарасы чыкканга чейин шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 325