• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдө аялын катуу сабап өлтүргөн шектүү сот залынан бошотулган

7 Кулжа 2023 12:59 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл райондук соту 44 жаштагы аялын катуу сабап өлтүргөн кылмышкерди сот залынан бошотуп жиберди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова билдирди.

Анын айтымында, каргашалуу окуя өткөн жылы май айында Чолпон-Атада болгон.

«50 жаштагы күйөөсү аялын жырткычтык менен сабап, кийин ал башына операция жасалганына карабай каза болуп калган. Операция учурунда эле анын баш мээсине келтирилген залал жашап кетүүгө болбостугу белгилүү болгон», — деди ал.

Кризистик борбордук директорунун айтымында, сот айыпталуучуну кылмыш кылган учурда аффект абалында болгон деген жүйөө менен эки жылга эркинен ажыратып, ал 13 ай түзөтүү СИЗОдо жатканына байланыштуу сот залынан бошотуп жиберген.

«Биринчи соттук-психиологиялык экспертизанын жыйынтыгында айыпталуучу кылмыш жасаган учурда өзүнүн аракетине жжоп бере турган абалда экени белгилүү болгон. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин жоопкер тарап экинчи экспертиза өткөрүп, анда психиатрлар ал аффект абалда болгон деген жыйынтык чыгарышат. Анда психиатрлар жоопкер аялын жакшы көргөн, ошондуктан кызганып, таштап кетет деп корккон деп айыпталуучунун эле версиясын угуп жыйынтык чыгарышкан», — деди ал.

Каза болгондун бир тууганы Асель Сакешованын айтымында, алар бирге 20 жыл жашашкан, 4 баласы бар болчу.

«Алардын үй-бүлөсүндө мурда дагы ызы-чуу көп чыккан, ал ортодо үй-бүлөсүнөн кетип, 5 жыл башка аял менен жашаган. Бирок кийин кайра кайтып келип, биринчи аялынан кечирим сурап, чогуу жашап калышкан. Эки айча жашагандан кийин ал эжемди өлтүрүп тынды», — деди Сакешова.

Анын айтымында, айыпталуучу банктта башкы эсепчи болуп иштеген. «Кийин 5 жыл чогуу жашаган аялына дагы зордук-зомбулук көрсөтүп, унаасын берип кутулганын кийин билдик», — деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде жактоочу Зиягүл Арналиева Шайбиров жасаган кылмышынан бир жылдан кийин сот залынан бошотулганын, социалдык адилеттүүлүк орнобой жатканын билдирди.

«Адам өлүмүнө алып келген кылмышка карата чыгарылган өкүм мынчалык жеңил болбошу керек. Сот иш жүзүндөгү жагдайларга көңүл бурбай, жабырлануучунун жана айыпталуучунун жүрүм-турумуна баа берген эмес. Сот айыпталуучунун аракеттерин кайра классификациялап, 2 жылдан кем эмес мөөнөт берди», — деп нааразы болду жактоочу.

Количество просмотров: 167