• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ысык-Көлдө баңги затын сактагандыгы үчүн УКТ мүчөсү кармалды

25 Үчтүн айы 2022 11:58 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө мыйзамсыз баңги затын сактагандыгы үчүн УКТнын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, январь айынын орто ченинде, Ысык-Көл ОИИБдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлерине, Ысык-Көл районунун айылдарынын биринин тургуну, үйүндө мыйзамсыз баңги затын сактап жүрөрү жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери мыйзамсыз сактап жүргөн жарандын өздүгүн аныктоого жетишишет. Ал, Бостери айылынын 34 жаштагы тургуну, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган Д.Ж. болуп чыкты.

Шектүү жарандын үйүндө жүргүзүлгөн мыйзамдуу тинтүү иштеринин жүрүшүндө, жапайы кендирдин жыты бар жашыл-боз түстөгү зат табылып алынган. Алынган затты таразага тарткан учурда, салмагы 30 грамм болуп чыкты жана аны аныктоо үчүн соттук-химиялык экспертизасы дайындалды.

Соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, шектүү Ысык-Көл РИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 117