• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө бак кыйып жаткан жарандар кармалды (сүрөт)

24 Үчтүн айы 2022 16:11 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери мыйзамсыз бак кыйып жаткан жеринен жергиликтүү тургундарды кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда болжол менен эртең менен саат 05.00 чамаларында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан Түп районунун Ой-Тал жана Ой-Булак автожолунун боюнда мыйзамсыз эки бак-даракты кыйып жаткан жеринен жергиликтүү тургундар кармалды.

«Алар, Ой-Булак айылынын тургундары, 32 жаштагы Д.С. жана А.О. болуп чыгышты, ошондой эле күнөлөрүн моюндарына алышты.

Учурда тийиштүү иш кагаздар толтурулуп, юридикалык баа берүү үчүн Түп РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Далил зат катары, кыйылган бак-дарактар жана бензинарасы алынды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 805