• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө эки жаран баңгизат сатууга шектелип кармалды

21 Бештин айы 2023 16:29 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун эки тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына белгисиз адамдар баңгизат жасап, сатууга даярданып жатканы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1980-жылы туулган К.Д. жана 1959-жылы туулган Б.Д. аттуу жарандар аныкталып, алардын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

К.Д. аттуу жарандын сарайынан салмагы 112 гр түзгөн «гашиш» баңгизаты табылып алынган. Ал эми экинчи шектүү Б.Д. үйүнөн жалпы салмагы 22 кг 764 гр болгон бир мүшөк «марихуана» табылган.

Ошондой эле марихуананы кайра иштетүүчү машина жана мыйзамсыз сакталган 7,62 калибрдүү сайлуу ок атуучу курал 21 даана 5,45 мм огу менен табылган алынган.

Шектүүлөргө карата КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 1-беренесинин 282-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Кармалган жарандар Каракол шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 482