• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Ысык-Көлдө Эмгек башкармалыгынын имараты өрттөнүп кетти

6 Бирдин айы 20249:35 Бишкек Govori.TV

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ак-Суу райондук башкармалыгынын имараты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 6-январь саат 2:00 чамасында болгон. Өрт убагында өчүрүлгөнү, жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул туурасында азырынча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 138