• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлдөгү коронавирус табылган эки жаран 22-мартта Индиядан дааваттан келишкен

31 Жалган куран 202018:21 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү коронавирус табылган эки жаран 22-март күнү Бишкекке Индиядан дааваттан келишкен. Бул тууралуу даватчылардын туугандары билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган эки жаран менен даваттан дагы бир канча адам келген. Аларды 3 күндүк обсерваторияга жаткырып, андан соң чыгарышкан.

«Обсервациядан чыккан соң алар Балыкчыга чейин маршруткада 15 киши менен келишкен. Ал жактан таксиге олтурушуп Түпкө жетишкен. 1981-жылкы жана 1985-жылкы эки жарандан илдет аныкталган соң, даватчыларды кайрадан ооруканага алып кетишкен», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары учурда алар менен байланыш болгон адамдарды табуу аракеттери көрүлүп жаткан.

Количество просмотров: 1349