• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан 2 адам көз жумду

14 Үчтүн айы 2020 10:41 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунун Балыкчы-Каракол автожолунун 55-чакырымында «Камаз» жана «Мерседес-Ман» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машинелер кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен «КамАЗдын» кабинасы күйүп, эки киши каза болуп, дагы эки киши жабыркады. Каза болгон адамдардын сөөгү Ички иштер министрлигине (ИИМ), ал эми жаракат алгандар «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Ошондой эле Бишкек-Ош жолунун 293-чакырымында «Хонда Стрим» автоунаасы жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктан бир адам мүрт кетип, алты киши ар түрдүү жаракат алган.

Количество просмотров: 87