• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Теплоключенка айылында 2 бала сууга агып кетти. Аларды 50 киши издеп жатат

14 Баш оона 2018 19:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.08.2018. Govori.TV
Ыссык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында эки жаш өспүрүм шар аккан сууга түшүп кетишкен. Бул туурасында облустук  ички иштер бөлүмүнүн басма-сөз кызматы кабарлады.
Окуя туурасында милиция кызматкерлерине 8 жаштагы кыз айтып берген. “ Ал эки бала шар аккан сууга кандайча түшүп кеткенин көрүп, аны тартууга аракет жасаган. Окуя болгон жерге милиция менен  ӨКМ  кызматкерлери келип, сууну тосуп издөө ишин жүргүштү”-деп көрсөтмө беришти ички иштер бөлүмүндө.
Балдардын жоголуусу тууралуу азырынча эч ким арыз менен кайрыла электиги айтылат.
Ал эми ӨКМ басма-сөз кабары: учурда мекемеден 7 атайын кызматкер, 30 дан ашуун милиция жана 13 жергиликтүү тургундар издөөгө чыгышты деп билдирди.
Количество просмотров: 33