• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ысык-Көлдө күн электр станциясы курулат

12 Чын куран 2024 17:02 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы шаарынын Кара-Талаа аймагында 400 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

“Акыркы 2 жылда Кыргызстандын энергетика тармагында ири долбоорлор ишке ашырылууда, алсак Камбар-Ата-1 ГЭСи, Куланак ГЭСи, Бала-Саруу ГЭСи жана жүздөгөн чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат. Биздин максат – энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү. Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча иштердин биринчи этабы аяктап, учурда техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу иштери жүрүп жатат. Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп, ири гидроэнергетикалык мамлекетке айланат. Күн энергиясын, шамалды жана биогаз технологияларын колдонуу Министрлер Кабинетинин негизги артыкчылыктарынын бири”, – деп билдирди Жапаров.

Акылбек Жапаров күн электр станциясынын курулушунун башталышы менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ал белгилегендей, күн электр станциясын курууга кытайлык компания тарабынан (Fortis Kg, Molin Energy) 400 млн доллар инвестиция салынаары пландалууда.    

“Биз 1,5 жылдан кийин күн электр станциясы ийгиликтүү иштей баштайт деген ишенимибизди билдиребиз”, – деди ал.

Количество просмотров: 115