• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган тик учак боюнча кылмыш иши козголду

12 Аяк оона 2018 12:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган тик учак боюнча кылмыш иши козголду.  Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында айтты.
Анын айтымында, тик учактын эмне себептен өз багытында колдонулбаганы иликтенип жатат. Анын жыйынтыгында күнөөлүүлөр жоопко тартылат дейт.
Маалыматка караганда, бул окуя боюнча дайындалган экспертиза жакын арада даяр болот.
Белгилей кетсек, 9-июлда Ысык-Көлдүн Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап түшкөн. Башкы штаб тик учак альпинисттерди куткарыш үчүн барганын билдирген. Кырсык учурунда учакта алты адам болгон, анын төртөө жабыркаган. Курмандыктар болгон эмес.
Количество просмотров: 18