• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Каныбек Осмоналиев: «Ак экенимди соттон далилдеп алганга кудуретим жетет»(видео)

20 Жалган куран 2018 11:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.03.18.Govori.TV

Коомдук жана  мамлекеттик ишмер Каныбек Осмоналиев өзүнө карата козголгон кылмыш иш боюнча  актыгын  далилдөөгө  даярдыгын ачыктады.
«Мага  2014-жылы ноябрда Кыргыз-Орус Славян университетине  27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизгендиги үчүн «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Анан эки жарым жыл  тергешип, 15 кишиге иш козголгуп,  Башкы прокуратурага чейин жеткен. Мында мага,  ошол кездеги Билим берүү министри канат Садыковго  жана Славян университетинин ректору баштаган 13 кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө иш козголгон. Ал эми мени ошол  он беш кишинин ичинен жалгыз бөлүп алып, калгандарына тийбей,  менин гана ишимди чагылгандай тездик менен АКС карап, Башкы прокуратурага кайра берип койду. Эгерде мага жасалгандай аракет  бардык иштерге жасалган болсо, мен дагы ошолордун катарында соттон ак экенимди далилдеп алганга кудуретим жетет»-дейт  коомдук жана  мамлекеттик ишмер Каныбек Осмоналиев.

Белгилей кетсек,  Каныбек Осмоналиевге 2014-жылы Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизгендиги үчүн «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Каныбек Осмоналиев ал учурда парламенттин билим, илим, спорт жана маданият боюнча комитетин жетектеп турган.
Эске салсак, 17-мартта мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев өзүнө карата 2014-жылы кылмыш иши козголуп, кайра жабылган иш боюнча УКМКга чакырылып, барып келгенин билдирген.
Каныбек Осмоналиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусун ачык сынга алып келген. Ал өткөн жылкы шайлоодо президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду сүрөөнгө алган. Каныбек Осмоналиев Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болот.
Количество просмотров: 28