• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкектеги 10-августта Исанов көчөсүндөгү жардыруу боюнча кылмыш иши козголду

13 Баш оона 2018 15:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.08.2018.Govori.TV.
10-августта Бишкектин борборундагы болгон жардыруу боюнча «адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин маалымат каткери Адыл Оморов кабарлады.
Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек.
Эске салсак, 10-августта Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жардыруу болгон. Бул орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу болушу мүмкүн экени айтылган эле.
Ал эми айрым маалымат булактары окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасма таратышкан. Анда ал үйгө орусиялык ишкер Александр Гайдуковго окшош адам эки-үч жаран менен кирип келе жатканда белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот.
Анда ишкер жеңил жараат алган. Орусиянын жараны Александр Гайдуков Бишкекте «НС Информ Консалтинг», «BISHKEK-EXPO» жана «Кей суппро» аттуу үч ишкананын түзүүчүсү экени белгилүү болгон.
Количество просмотров: 22