• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлдө кытайлык студент изделүүдө

19 Баш оона 202215:35 Бишкек Govori.TV

Кытай Эл Республикасынын жараны, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти, 22 жаштагы Сай Тун изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, кытайлык жаран 24-июль күнү Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендиги тууралуу маалыматты 18-августта Ысык-Көл облустук ​ ИИБнен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу билдиришкен.

«Жерине 4 куткаруучу тартылып, облустук милиция кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишти»,-деп айтылат маалыматта.

Издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 275