• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери бир үй-бүлөнү кар күрткүдөн чыгарышты

12 Үчтүн айы 2023 15:15 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда милиция кызматкерлери бир үй-бүлөнү күрткүдөн чыгарышты. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

11-январь күнү Ак-Суу районунда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери патрулдук иштерин жүргүзүп жатып жолдон чыгып кеткен «Мерседес» үлгүсүндөгү унааны байкап калышкан. Айдоочунун айтымында, Каракол шаарынын тургуну, ал ошол күнү үй-бүлөсү менен Качыбек айылынан чыгып кеткен. Катуу шамал жана кардын кесепетинен жол жабылып, унаа арыкка кулап түшкөн.

«Жолдун тазаланган бөлүгүнө жүргүнчүлөр өз алдынча жете алышкан эмес. Унаанын ичинде эки жашы жете элек бала болгон», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 135