• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ысык-Көлдө мугалимдер митингге чыгышты

2 Жетинин айы 2020 12:27 Бишкек Govori.TV

2-ноябрда Ысык-Көл районундагы айрым мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери жана мугалимдер райондук акимиаттын алдына нааразычылыгын билдирип чыгышты. Алар 20-октябрда мурда ээлеген кызматына кайра кайтып келген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абированын жетекчилигине каршы экенин айтып чыгышты. Бостери айылындагы Хасан Жээнбаев мектеп-лицейинин директору Жаныш Сулайманов буларды айтты:

«Биз Дамира Абированын жетекчилиги алдында иштедик. Ал көпчүлүк учурда комиссия келээрин айтып, ага акча чогултуп алчу. Биз унчукпастан ал өтүнүчүн аткарып жүрдүк, бирок мындай улана бербеши керек. Себеби биз тажагандыктан арыз жазып, сотко чейин барганбыз. Бостери айылдык мектеп-лицейи Кыргызстанда биринчилерден болуп ысык тамак долбооруна кирген. Анда Дамира Абирова тендер менен 10 сомдук картөшкөнү 25 сомдон алган, аны сотто далилдеп бердик. 10 жылдан бери тендерден өзү жакын болгон бир гана фирма утуп келет, бул акыйкатсыздык».

Ал эми Дамира Абирова муну ага каршы атайын уюштурулган иш катары баалады:

«2018-жылдын 22-майында мени жумуштан убактылуу четтетүү тууралуу чечим чыккан. Себеби райондогу айрым мектеп директорлору мени «пара алат», «үстөмдүк кылат» деп арыз менен бир топ жерге кайрылышкан. Бирок 2,5 жылга созулган текшерүүдөн кийин УКМК да, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы да менин ишимден ката таба албай, жыйынтыгында ушул жылдын 16-августунда мени кызматка кайтып келсин деп министрликке жазган. Мен министрликтин буйругу менен келдим, мыйзам бузган жерим жок», — деди ал.

Чогулгандар менен район акими сүйлөшүп, маселени билим берүү министрине айтарын билдирди. Ал мугалимдерден митингди токтотууну өтүндү.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 322