• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө пансионатта коттедж толугу менен күйүп кетти

7 Бирдин айы 20229:22 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө пансионатта коттедж толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы каарлайт.

Маалыматта жазылгандай, ӨКМдин Өрткө каршы-куткаруу кызматы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Париж» пансионатындагы 300 чарчы метр аянттагы котеджде чыккан өрттү өчүрүштү. Маалыматка ылайык, алоолонгон өрт бүтүндөй имаратты каптап, толук күйүп кеткен.

Жеринде № 39 ӨК-КБдан 2 бөлүм иш алып барып, өрттү саат 16:57де чектөөгө алуу менен толук түрдө саат 18:27де өчүрүштү.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.

Количество просмотров: 198