• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ысык-Көлдө президент Жапаров сөз кылган депутат камалды

6 Кулжа 2023 17:42 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-май күнү Ысык-Көл райондук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери ошол эле райондун тергөө кызматына рапорт менен кайрылган. Аталган кызматкер социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты инвестордун ишине тоскоолдук кылып, андан ири өлчөмдө акча талап кылып жатканы тууралуу маалымат жарыяланганын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция аты аталган адам 44 жаштагы Чолпон-Атанын тургуну, шаардык кеңештин У.А. аттуу депутаты экенин аныктаган. Териштирүү учурунда белгилүү болгондой, аталган депутат У.А. 2015-жылы Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен шаардын көл жээк жагындагы жер тилкени пляждык зона уюштуруу үчүн беш жылга ижарага алуу боюнча келишим түзгөндүгү аныкталган.

«Ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин ал ижара мөөнөтүн узартуу үчүн Чолпон-Ата шаарынын мэриясына кайрылган. Бирок Чолпон-Ата шаарынын мэриясы ижара мөөнөтүн узартуудан баш тарткан. Буга байланыштуу шаардык кеңештин депутаты У.А. Ысык-Көл райондук сотуна кайрылган. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө аталган жер тилкеси камакка алынып, учурда сот процесси уланып жатканы белгилүү. 2022-жылы инвестор Чолпон-Ата шаарынын мэриясына беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн жер тилкени ижарага алуу үчүн кайрылган. Мэрия тарабынан жер бөлүнүп берилип, ал шаардык кеңештин депутаты У.А. менен Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын ортосунда соттук териштирүү жүрүп жаткан жерге жакын жайгашкан. Мейманкананы куруу үчүн инвесторго кошумча жер тилкеси керек болуп, коңшу жер тилкеси боюнча соттук териштирүү жүрүп жатканын билбей туруп, У.Ага кайрылган. Ал эми, шаардык кеңештин депутаты инвесторго соттук териштирүү боюнча туура эмес маалымат берип, бул жер тилкеде курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча да жалган маалымат айтып, инвестордун ишенимине кирип, бул чыгымдардын ордун толтурууну сунуш кылган. Натыйжада, шаардык кеңештин депутаты У.А. инвестордон 12 миң доллар акчаны алдоо жолу менен алган», — деп жазылат маалыматта.

Аныкталган жагдайларга байланыштуу кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинен (Опузалап талап кылуу) 209-беренеге (Алдамчылык) кайра квалификацияланган. Шектүү катары кармалган шаардык кеңештин депутаты 5-июнда 48 саатка камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.

Эскерте кетсек, Чолпон-Атада мейманкана курууну көздөп жаткан инвесторго бут тосуу болуп жатканын президент Садыр Жапаров өткөн аптада айтып чыккан.

Жапаров «Чолпон-Атага беш жылдыздуу отель салам деген инвесторго жергиликтүү Урмат аттуу депутат бут тосуп жатыптыр», — деген болчу.

Количество просмотров: 111