• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө сел: 16 үйдү суу каптап, 1 ички чарбалык көпүрө агып кеткен

12 Баш оона 20249:05 Бишкек Govori.TV

11-августта алдын ала маалымат боюнча, Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз–Булак тилкесинде 4 турак үйдү. Ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, натыйжада 9 турак үйдү сел суулары каптаган.

Ошондой эле Булан-Соготу айылында 1, ал эми Бостери айылында 3 турак үйгө суулар кирип, “Кооператив строитель” Бостери дачасына бара турган жолдогу ички чарбалык жолду жана көпүрөнү суу агызып кеткен.

Жалпысынан болжол менен 16 турак үйдү суу каптап, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызган. Жеринде ӨКМден 27 куткаруучу жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын күч-каражаттары жеринде иштөөдө жана тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Таңкы саат 04:20га карата селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук №31жана №35 ӨКБдан жалпы 29 куткаруучу, 2 мотопомпа, ƟКМнин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан 4 офицер, Балыкчы шаардык №19 ƟКБдан 7 куткаруучу, мотопомпалар тартылган.

Жалпысынан 40 куткаруучу, 3 мотопомпа жеринде иштеп жатат. Ысык-Көл районунун Жарандык коргоонуу кызматтарынан жалпы 60 адам, Чолпон-Ата шаарыдк мэрия тарабынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч такзалоо иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 179