• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө өспүрүм уурдалган окуя иликтенип жатат

22 Теке 202313:35 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде уурдалды деген өспүрүм ошол эле күнү аман-эсен табылып, апасына өткөрүлүп берилген.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 20-июлда болгон. Милицияга кайрылган аял анын уулун Бостори айылындагы эс алуу жайларынын биринде көл жээгинен уурдап кетишкенин айткан. Издөө иштеринин натыйжасында бала ошол эле күнү кечинде Чүй облусунун аймагынан аман-эсен табылган.

Окуя Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (“Адам уурдоо”) негизинде иликтене баштады.

Айрым маалымат булактары бала 12 жашта экенин, аны уурдагандар апасынан 300 доллар талап кылышканын жазып жатышат.

Количество просмотров: 180