• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ысык-Көлдө Түрк тилдүү мамлекеттердин алтынчы саммити өтүүдө

3 Аяк оона 201810:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.09.2018.Govori.TV.
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Рух ордо» комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити башталууда.
Саммитке кеңеш мүчөлөрү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана бул жолку жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлары пландалган.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилет.

 

Количество просмотров: 45