• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ысык-Көлдө тургундар Таш-Булак уран кенин иштетүүгө каршы чыгышты

26 Жалган куран 2019 16:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.03.2019. Govori.TV

Бүгүн, 26-мартта Балыкчы шаарынын мэриясынын имараты алдына жергиликтүү тургундар чогулушту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, алар Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл өкмөтүндөгү Таш-Булак уран чачынды кенин казууга нааразы экенин билдирип чыгышты.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Балыкчы шаарында 20-мартта тынчтык чогулушу өткөрүлүп, анда катышуучулар Көк-Мойнок 1, Көк-Мойнок 2, Орто-Токой, Ак-Өлөң, Таш-Сарай, Оттук, Кара-Шаар, Кара-Талаа айылдарынын жана Балыкчы шаарынын тургундарынын атынан президент Сооронбай Жээнбековго, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго, премьер-министр М.Абылгазиевге кайрылуу жолдошкон.

Алардын кайрылуусунда: «Кызыл-Омол уран чачынды кендери казылса адам баласынын ден соолугуна, генофондуна таасири тийип, Ысык-Көлгө зыяны зор болот. Ысык-Көлүбүздүн босогосунда жаткан бул кен союз учурунда эле изилденгени белгилүү. 1960-жылдан бери ушул уран кенин каздырбай, элдин кызыкчылыгын коргоп келген Турдакун Усубалиев атабыздын: «Токтоткула, кыргыз жеринде өлүм менен коштолгон жаратылыштын аябай чоң кырсыгын атайылап алып келбегиле!» деген сөзүн ар бирибиз унутпашыбыз керек.

Ошондуктан Жогорку Кеңеш жана өкмөт мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүп, ага: көз карандысыз эксперттер, укук коргоо органдары, кен казууга тиешеси бар бардык кызматтар жана ушул аймактын атайын өкүлдөрү кирип, кен казуу иштери дыкат текшерилүүсүн талап кылабыз», деп айтылат алардын кайрылуусунда.

Буга чейин Көк-Мойнок-1 айылында жана Балыкчы шаарында Таш-Булак уран кенин иштетүү боюнча коомдук угуу болуп өткөнү маалымдалган. Ага ишкана жана акционерлердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик, депутаттар, жаш активисттер менен коомчулук өкүлдөрү катышкан.

Коомдук угуунун башында кыргыз-орус биргелешкен компаниясы жакын жерде уран казып ала баштай турганына нааразы болгон эл көп болгон. Так маалыматтын жоктугунан улам элдин көпчүлүгү «уран казыла баштаса, аймакта экологиялык катастрофа болот» деген ишенимде болушту. Компания өкүлдөрү калктын кооптонуусун туура түшүнөрүн белгилеп, мындай имиштерге ишенип, чагымчылыкка алдырбоого чакырышты. Жергиликтүү тургундарды негизинен эки маселе өзгөчө кызыктырды. Алар:

— Уран казылса аймактын экологиясына таасир этиши;

— Компаниянын жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоодо кандай иш алып барышы тууралуу суроолор берилген.

Көк-Мойнок – Боом капчыгайындагы чакан айыл. Көпчүлүк тургундары Бишкек—Балыкчы унаа жолунун боюнда майда соода менен алектенишет. Ал эми аймактагы эң жогорку жумушсуздук көрсөткүчү ушул айылда катталган.

Булак: “Turmush”

Количество просмотров: 179