• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн 11 кг баңгизат табылды

25 Бештин айы 2023 17:32 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 11 кг баңгизат табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондун аймагында “Куба” аттуу жаран сатуу максатында ири өлчөмдө баӊгизат сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Алынган маалымат Ысык-Көл райондук милициясына катталып, шектүүнү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ал 1977-жылы туулган Д.К.Т. экендиги аныкталган.

Анын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктап, жоопко тартуу максатында КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүнүн жашаган жерине мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлүп, уктоочу бөлмөдөн мүшөккө салынган өзгөчө жыты бар зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 11 к 95 гр түзгөн марихуана экени аныкталган.

Количество просмотров: 168