• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Ысык-Көлдө туристтердин унаасы сазга тыгылып калган

6 Аяк оона 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө сазга унаасы сазга тыгылып калган эки туристке жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылынын Көк-Бел жайлоосунда эс алууга чыккан эки чет элдик турист жолдон адашып, унаасы сазга тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Тоо-кен-куткаруу кызматынын 7-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 3 куткаруучу тартылып, унааны саздан сүйрөтүп жолго чыгарып беришкен.

Жабыркагандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 163