Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарында «Нуке» аттуу каймана ат менен таанымал адам үйүндө баӊгизат сактап жүрөт деген маалымат түшкөн.
«Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында ал уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, Чолпон-Ата шаарынын 23 жаштагы тургуну Э.Э. болуп чыкты. Шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзгөн учурда желим баштыктын ичинде 295 грамм марихуана табылды», — деп айтылат маалыматта.
Мыйзамсыз баӊгизатын сактаганы үчүн кармалган жаран сот баш коргоо чарасын тандаганга чейин Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.