• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

27 Бештин айы 202416:07 Бишкек Govori.TV

 Ысык-Көлдө баңгизаты менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция кызматкерлерине Ысык-Көл районунун аймагында «Узун» лакап аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шериктери менен баңгизаттарын мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Ысык-Көл райондук милициясында «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында эмес даярдоо» беренеси кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 13-декабрында милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чолпон-Ата шаарынын тургуну, 1978-жылы туулган Т.Э. аттуу жаран кармалып, ага тиешелүү турак жайын тинтүү учурунда салмагы 1 кг 250 гр түзгөн баңгизаты табылып алынган.

Кылмышка шектүү Т.Э. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тийиштүү экпертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 376