• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

13 Жетинин айы 2020 15:49 Бишкек Govori.TV

Тоӊ районунда жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-ноябрь күнү Тоӊ РИИБине аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда жергиликтүү тургунду белгисиз унаа сүзүп, алган жаракаты менен келип түшкөндүгү кабарланган. Бейтаптын абалы туруктуу жана ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

49 жаштагы жабырлануучу Т.К. милиция кызматкерлери тарабынан суракка алынганда, ал ошол күнү болжол менен саат 21:25 чамасында Бөкөнбаев айылында көчөлөрдүн кесилишинен өтүп бара жаткан учурда көк түстөгү белгисиз автоунаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кырсыгына шектүү адамдын өздүгү аныкталган. Ал Бөкөнбаев айылынын 67 жаштагы тургуну М.К. болгон. Шектүү кармалган учурда күнөөсүн толук мойнуна алган. Ал эми «Мерседес-Бенц Е 200» үлгүсүндөгү автоунаасы айып төлөнүүчү жайга токтотулду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 175