Ысык-Көл облусунда Жаңы жыл майрамы тынч жана коомдук тартип бузулбастан өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызмат билдирди
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн бардык коомдук жайлар милиция кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен кайтарылып, ар кандай укук бузууларга жол берилген жок.
31-декабрдан 1-январга караган түнү ысыккөлдүктөрдүн жана меймандардын тынчтыгын 700гө жакын милиция кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундардын 100дөн ашуун өкүлдөрү камсыз кылышты. Массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жерлерде өзгөчө кырдаал жана коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган жок.
Облустун ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүкчөлөрүндө кылмыштар жана окуялар боюнча 19 билдирүүлөр жана арыздар, жол кырсыгынын 4 фактысы катталып, анда негизинен материалдык чыгым келтирилген. Милиция кызматкерлеринин көрүлгөн иш-аракеттеринен улам, мурда катталган 4 кылмыштын бети ачылды.
Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында кырдаал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана анын бетин ачуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.