• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ысык-Көлдө жээни таекесин бычактады

21 Теке 2022 12:33 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда таякесин өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-июль күнү Жети-Өгүз РИИБге Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшүп, анда болжол менен саат 22:20 чамаларында көкүрөк тушка бычак менен сайылган 32 жаштагы Аң-Өстөн айылынын тургуну ооруканага түшкөндүгү маалымдалган.

Маалымат райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу кечиктирилбестен жиберилген. Күбөлөрдүн милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөлөрү боюнча бычакталган жаранды айылдын ичинен табышкан жана дароо ооруканага алып барышкан. Ошондой эле, аны акыркы жолу жээни менен көргөндөрүн жана жээни кызуу абалында жабырлануучу менен бир нерсе жөнүндө талашып жаткандыгын кошумчалашкан. Жабыркаган жаран эсине келбей ооруканадан каза болгон.

«Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, райондук милициянын кылмыш иликтөө кызматкерлери эртеси изин суутпай каза болгон жарандын жээнин, 45 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Т.А.ны кармашып, тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Алгачкы сурак жүргүзүү учурунда, ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды жана андан кылмышка далил зат катары ашкана бычагы алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122 (Адам өлтүрүү) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 643