Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөө кечээ, 10-май күнү саат 16:00дө катталган.
«Жер титирөөнүн очогу Туура-Суу айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта, Бөкөнбаев айылынан 53 чакырым түндүк-батышта жана Кажы-Сайдан 68 чакырым батышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Туура-Суу 3 жана Ала-Баш айылдарында 2 жарым, Шор-Булак, Оттук, Бар-Булак айылдарында 2 баллга чейин сезилди», — деп айтылат маалыматта.