Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн болжол менен саат 17:03тө катталып, күчү 3 баллга жеткен.
«Жер титирөөнүн очогу Кажы-Сайдан 55 чакырым түштүк чыгышты, Каракол шаарынан 105 чакырым түштүк батышты карай жайгашкан», — деп айтылат маалыматта.
Жердин силкинүүсү калкуу конуштарда сезилген эмес.