Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-март күнү 12:50 чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда болгон. Анда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматтык унаасы менен Daimler-Chrysler D312 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.
«Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болгон»,-деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.