22-апрелге караган түнү Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жол кырсыгы катталды.
Күбөлөрдүн айтымында, кырсык Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда, Чайка Резорт эс алуу борборунан алыс эмес жерде болгон.
Анда спринтер бетон аралаштырган машинаны сүзгөн. Унаанын ичинде эки адам болгон, бустун айдоочусу мүрт кетип, жүргүнчүсү оор абалда.
Расмий маалымат азырынча бериле элек.