Ысык-Көл облусуна эс алууга барууга болобу? Мындай суроо бүгүн өкмөт үйүндөгү онлайн маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовго берилди.
Каниметов республика боюнча чектөөлөр бар экенин эске салды.
«Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда да карантин жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар күчүндө. Учурда бир дагы санаторий иштеген жок. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен гана иштеп баштайт», — деди ал.