• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ысык-Көлгө Орусиядан учактар түз каттай баштайт

10 Кулжа 2022 10:34 Бишкек Govori.TV

Россиянын авиакомпаниялары 2022-жылдын 10-июнунан баштап Россиянын шаарларынан Ысык-Көл облусунун Тамчы шаарына үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 16-июнунан «Аэрофлот – Россия» авиакомпаниясы «Москва-Тамчы-Москва» багыты боюнча жумасына эки каттамды, 2022-жылдын 10-июнунан баштап «Урал авиалинии» авиакомпаниясы «Москва-Тамчы-Москва», «Екатеринбург-Тамчы-Екатеринбург» багыты боюнча жумасына эки каттамды, «Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург» багыты боюнча бир каттамды, «S7 Airlines» авиакомпаниясы 2022-жылдын 19-июнунан баштап «Новосибирск-Тамчы-Новосибирск» жумасына бир каттамды аткарышат.

Бул каттамдар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарына коюлган чектөөлөрдүн алынып салынышына жана россиялык туристтердин Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларына турларга суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жер үстүндөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу жана темир жол каттамдары толугу менен жанданды, өзгөчө 2022-жылдын 16-майынан тарта Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россиянын аймагына мамлекеттик чек аранын жердеги өткөрүү пункттары аркылуу кирүүсүнө чектөөлөр алынды, андан тышкары 2022-жылдын 6-июнунан баштап поезддердин каттамдары ачылып, «Бишкек-Казань» каттамы боюнча жумасына бир жолу, 2022-жылдын 8-июнунан баштап «Бишкек-Самара» каттамы жумасына эки жолу, 2022-жылдын 9-июнунан баштап «Бишкек-Новосибирск» каттамы сегиз күндө бир жолу кабыл алынууда.

Количество просмотров: 111