• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Юрист: «Чет элдик өкүл» мыйзамы Конституцияга карама-каршы келет

17 Тогуздун айы 2023 12:45 Бишкек Govori.TV

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Баш мыйзамга карама- каршы келет. Мындай пикирин юрист Ноокат Идирисов бүгүнкү парламенттик угууда учурунда билдирди.

«53 — беренеде абдан жакшы демократиялык принцип бекитилген. Ар бир жаран, уюм мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай иш аракетти жүргүзө алат деген. Мыйзам долбоорунун авторлору бул мыйзамды экинчи жолу сунуштап жатышат. 2013-2016-жылдары алып чыгышкан. Кыргызстан демократиялык мамлекет. Өлкөдө Коммерциялык эмес уюмдар өкмөт менен биргеликте элдин жашоосун жакшыртууга аракеттениш керек «, — деди ал.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин «чет элдик өкүл” жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорун четке кагууга чакырууда.

Количество просмотров: 87